7 компанияга финансылык көзөмөл кызматы лицензия берди

Кыргызстандагы финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы 2025-жылдын 22-сентябрынан 26-сентябрына чейинки мөөнөткө бир нече юридикалык жактарга лицензияларды берди. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымат берди.
Алар:
«Скай Строй» ЖЧКсы — «Батир сатып ал — RAV 4 утуп» кызыктыруучу лотереясын өткөрүүгө уруксат;
«МК Грант Ломбард» ЖЧКсы — эки өкүлчүлүк ачууга уруксат;
«Голд-Беш Ломбард» ЖЧКсы — ломбард ишин жүргүзүүгө лицензия;
«Инвестициялык компания Карт Бланш» ЖЧКсы — баалуу кагаздар рыногунда брокердик жана дилердик иш жүргүзүүгө лицензиялар;
«Бвокс» ЖЧКсы — виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору катары иштөөгө лицензия;
«Альянс Капитал Инвестициялык Финансылык Компани» ЖЧКсы — брокердик ишмердүүлүккө жана инвестициялык активдерди ишенимдүү башкарууга лицензиялар;
«Глобал Мани Клуб» — виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору катары иштөөгө лицензия.



