Коом

Тоңдо Бар-Булак – Жылуу-Суу унаа жолуна асфальт төшөлдү

Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Бар-Булак – Жылуу-Суу унаа жолунун 4 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта билдиргендей, курулуш иштери мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын № 10 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды.

Жолдун жаңыланышы аймактагы тургундар үчүн гана эмес, эс алуу жана дарылануу максатында келген туристтер үчүн да чоң мааниге ээ.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button