Коом

Ош шаарындагы Текебаевге тийиштүү делген имарат сүрдүрүлдү

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Навои эс алуу багында таңкы рейдди өткөрдү. Анда Ак-Буура дарыясынын корук аймагына курулуп калган курулуштарды тазалоо иштерин көрүп чыкты.

Мэрия жалпысынан парктагы 11 имаратты бузулуп жатканын билдирди. Алардын ээлери бир катары мамлекеттик жана коомдук ишмерлер.

Калаа башчысы түрттүрүлүп жаткан имарттарды текшерип жатып мурунку Жогорку Кеңештин депутаты, азыркы Германиядагы Кыргызстандын элчиси Өмүрбек Текебаевдин имараты да буздурулганын белгилеп өттү. Тийиштүү кызматтарга ишемби күнү толук тазалап кетүү тапшырмасын берип, ал жерде ишембилик өткөрүлө тургандыгын эскертти.

Тектеш кабарлар

Back to top button