Акылбек Жапаров: Ыкчам чечимдер Кыргызстандын экономикасынын өсүшүн тездетти

Кыргызстан калкка жана бизнеске керектүү чечимдерди ыкчам кабыл алуунун аркасында экономикалык өсүштү тездетүүгө жетишти. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көлдө өткөн кыргыз-орус экономикалык форумунда билдирди.
Анын айтымында, форум салтка айланып, Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгын талкуулоочу маанилүү аянтча болуп калды.
Жапаров эки өлкөнү көп жылдык тарыхый, саясий жана экономикалык байланыштар бириктирерин белгиледи. Анын айтымында, ар кандай мезгилдерде кыйынчылыктар жаралганы менен, мамлекеттер бири-бирин колдоону улантып келет.
«Кемчиликтерди көрсөк, аларды тез арада оңдошубуз керек. Ошондо гана өлкө алдыга жылат», — деди ал.
Ошондой эле ал убакыт чоң мамлекеттер үчүн да, чакан өлкөлөр үчүн да бирдей маанилүү экенин айтып, бийлик чечимдерди создуктурбай, натыйжалуу кабыл алышы керектигин белгиледи.
Жапаровдун пикиринде, Кыргызстандын экономикасынын жогорку өсүшүнүн негизги себептеринин бири — жарандарга жана ишкерлерге зарыл болгон чечимдердин кыска мөөнөттө кабыл алынышы.
Ошондой эле, ал президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында мурда ондогон жылдар бою кагаз бетинде калып келген чечимдер турмушка аша баштады. Алардын ичинде Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу, Камбар-Ата-1 ГЭСи жана аймактагы башка ири транспорттук-энергетикалык долбоорлор активдүү ишке ашырылууда экенин белгиледи.
Мурдагы өкмөт башчы кыргызстандык экономикалык реформалардын тажрыйбасын орусиялык кесиптештери менен талкуулоону да пландап жатканын билдирди.



