Дүйнө
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Украина президенти Владимир Зеленский менен жолукту

БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолукту.
Бул тууралу казак президентинин басма сөз кызматкери тарабынан маалымдагандай, мамлекет башчылары эки тараптуу экономикалык жана гуманитардык кызматташтык маселелерин талкуулашкан. Владимир Зеленский Украинада болуп жаткан кырдаалга болгон көз карашын билдирди.
Казакстандын президенти бул өтө татаал кырдаалда чыр-чатакты токтотуу жолдорун издөө максатында дипломатиялык ишти улантуу зарыл деген пикирин билдирген.



