Коом

ИИМдин Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосу

23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Бул күн мамлекеттик тилдин маңызын баса көрсөтүү, анын өнүгүүсүн жана колдонулушун жайылтуу максатында белгиленет.

Мамлекеттик тил — бул улуттун маданий мурасы, мамлекеттик башкаруунун жана коомдук турмуштун негизи болуп саналат.

Ички иштер министрлиги мамлекеттик тилди урматтоо жана колдонуу — улуттук маданиятты сактоонун жана мамлекеттик башкарууну өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү экенин баса белгилейт. Министрликтин өздүк курамы күнүмдүк ишмердүүлүгүндө мамлекеттик тилди туура колдонууга жана коомчулук менен байланышты чыңдоого өз салымын кошууда, — деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Back to top button