Көңүл буруңуздар! 2-октябда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкекте 2025-жылдын 2-октябрында саат 9:00дөн 17:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу басма сөз кызматкери билдирди.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
Чүй проспектиси, М.Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси, Жибек Жолу проспектиси Ала-Арча дарыясына чейин,
Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү.
«Белинский» суу алгычындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу суу токтотулат.
“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-ишканалардан жана шаар тургундарынан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.



