УКМК: Ысык-Ата районундагы 200 гектар жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын натыйжасында, Чүй облусунун Ысык-Ата районун аймагында – жалпы аянты 200 гектарды түзгөн жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды.


Аталган жер тилкелери 1992-1994-жылдары муниципалдык менчиктин балансынан мыйзамсыз чыгарылып, ушул убакка чейин жергиликтүү тургундар тарабынан иштетилип келгени аныкталган.


Ошол эле учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым жетекчилери жана кызматкерлери узак убакыт бою жер тилкелерин муниципалдык же мамлекеттик менчикке алып коюунун милдеттүү жол-жоболорун аткарбай туруп, жеке жактарга айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн конкурссуз негизде колдонууга берип келишкен. Мындан улам мамлекетке милдеттүү түрдө төлөнүүчү ижара акылары төлөнбөй калган.

Эсепке алынбаган жерлердин учурдагы базар баасы 1 миллиард 73 миллион 248 миң сомду түзөт.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 200 гектар жер тилкелери мамлекеттик баланска өткөрүлдү.



