ИИМ: Адам өлтүрүүгө шектүү жаран изделүүдө

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
2025-жылдын 3-октябрына караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйдүн биринде болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Көзөмөл камераларынан алынган видео жазууларда кылмышка шектүү жаран түшүп калган. Окуя болгон жерден шектүүгө таандык баш кийим — кепка (сүрөттө) табылып алынган.


Урматтуу жарандар! Эгерде сүрөттөгү адамды таанып же анын жүргөн жери жөнүндө маалымат билсеңиздер, төмөнкү телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз: 0 772 144 239, 0 556 848 080, 102.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги маалымат берген адамдардын жеке коопсуздугу жана купуялуулук толук сакталат. Тергөөгө көмөктөшкөн жарандар үчүн сый акы каралган.
Маркумдардын туугандары бул иштин кандайдыр бир жагдайларын жарыялоо каршы экенин эске алып, кошумча маалымат берүүдөн баш тартабыз. Тергөө иштери толук аяктап, шектүү жаран кармалгандан кийин, коомчулукка расмий маалымат берилет.



