Коом
Кыргызстанда бир сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
Бишкек шаарында – 5;
Чүй облусунда – 2;
Ош шаарында – 1;
Ош облусунда – 2;
Ысык-Көл облусунда – 3;
Жалал-Абад облусунда – 2.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 16 күжүрмөн эсеп тартылган, ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.



