Коом
Бишкекте эркек киши көпүрөдөн секирип көз жумду

Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-октябрда эртең менен милицияга Манас менен Л. Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде эркек киши көпүрөдөн секирип, каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Учурда ыкчам-тергөө тобу териштирүү иштерин жүргүзүп, маркумдун өздүгү такталууда.
Алдын ала маалымат боюнча, эркек киши өз жанын кыйган.



