Окуялар

Ысык-Атада заводдогу цемент цистерна жарылып, эки киши көз жумду

Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жайгашкан чакан заводдо цемент цистерна жарылып, эки киши көз жумду. Бул тууралуу Чүй ОИББи билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, кырсык кечээ кечинде болуп, Ысык-Ата РИИБи тарабынан каттоого алынган. Тергөөгө чейинки териштирүү башталып, газоблок чыгарган «НГБ» заводунун түштүк жагында турган цемент цистернасы жарылганы аныкталды. Анын кесепетинен 34 жана 64 жаштагы эки жумушчу ошол жерде каза болушкан.

Тектеш кабарлар

Back to top button