Коом

Жалал-Абаддагы жазаларды аткаруу мекемеси көчүрүлөт

Жалал-Абад шаарындагы №10 жазаларды аткаруу мекемесин калаадан сыртка которуу боюнча каражат маселеси чечилип, тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Абакка берилип жаткан жер Жалал-Абад шаарынан 25-30 чакырым, район борборунан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан. Азыркы учурда аталган жайдын пайдубалын курууга чейинки даярдык жумуштары жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев мекеменин Базар-Коргон районунун Бешик-Жоон айылында курулушу пландалган Сары-Талаа участкасына барып, иштин жүрүшүн көргөн. Облус башчысы жумуш ыргагын тездетүүнү тапшырып, сапатка көңүл бурууну эскерткен.

Мындан сырткары, шаардагы №53 тергөө абагына да бир гектар жер аянты бөлүнүп, Сузак районунун Арал айылына көчүрүү жумуштары башталганы кабарланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button