Кыш мезгилинде кайсы азыктар иммунитетке жакшы таасирин берет?

Күз мезгили аяктап жатат, терезенин сыртында кыш жакындап келе жатканы байкалат. Ал эми эң негизги нерсе адамдын ден соолугуна пайдалуу витаминдерди толуктап жана иммунитеттерди көтөрүү зарыл.
Кайсы азырктарда эң көп жана кандай витаминдер бар.
Алар:
Курма — иммунитетке жакшы таасир этет. Анын курамында С витаминин камтыйт. Мындан тышкары, курма бизге керектүү пектин, йод, түрдүү витаминдерге жана минералдарга бай. Ошондой эле ал инсульт, инфаркт жана онкология ооруларынан алдын ала коргойт.
Капуста – бул көптөгөн пайдалуу заттарды сактайт жана анда С, К витаминдери жана В тобундагы (В1, В2, В3, В6, В12), ошондой эле калий, натрий, кальций, темир, фосфор, күкүрт, кремний, цинк витаминдерин бар.
Кызыл кызылча — мында А, С, Е витаминдерине жана В тобуна жана минералдарга — калий, марганец, магний, йод, темир жана цинкке бай. Кызылчанын чийкиси же бышырылганыда эң пайдалуу.

Кышында күндүн жетишсиздиги жана аны менен кошо D витамини жетпегенде, тамактануунун жардамы менен чечилет.
Алар икра, жумуртка, май, сыр, сүт, балык. Бул продуктылар витаминдин күнүмдүк керектөөсүн толуктоого жардам берет, ошону менен иммунитетти көтөрүүгө, териге жагымдуу таасир тийгизүүгө жана кан басымды нормалдаштырууга жардам берет.

Ал эми, тоңдурулган мөмөлөр — кулпунай, алча, карагат — витаминдердин жана минералдардын эң сонун булагы болуп эсептелинет. Аларды эритип, йогурт жана быштакка аралаштырып жеседа болот.
Дагы бир витаминдердин бир булагы — бүлдүркөн. С витамининин көп санынан тышкары, бул мөмө өтө сейрек кездешүүчү РР витаминин камтыйт, бул жөн эле аскорбин кислотасынын ассимиляциясына өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, анын курамында бор, темир, йод, калий, магний, марганец, күмүш жана фосфор бар. Бул мөмө күчтүү антиоксидант касиеттери менен белгилүү.

Үй азыктары – туздалган бадыраңдар, консервалар, маринаддар жана компоттор да витаминдерге начар. Андыктан аларга көп көнүл бөлбөңүз.
Тамактан алган микроэлементтер ден соолугубуздун пайдубалын түптөгөн азыртар болуп саналат. Көбүнчө адамдар ар кандай продуктуларды колдонушат, ал азыктар биздин организмге кандай таасир этерин элестете алышпайт.
Туура тамактануунун негизги эрежеси — белоктордун, майлардын жана углеводдордун тең салмактуулугун сактоо, ар кандай диеталарды көзөмөлдөө, зыяндуу азыктарга берилбөөгө жана денеңизди угуу керек.



