Коом

ВИДЕО: Жети-Өгүз районунда санитардык эрежени сактабаган мал союучу цех аныкталды

Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан рейддин жүрүшүндө Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында мал союучу цех иштеп жаткандыгы аныкталган.

Кароо жүргүзүүдө мал союучу цехте көптөгөн критерийлер боюнча элементардык ветеринардык-санитардык талаптар сакталбагандыгы байкалган. Айрым жаныбарлардын калдыктары жана каны жерге төгүлгөн, дезинфекциялык тосмо жана кык чогултуучу жайлар жок болуп чыкты.

Аталган факт Жети-Өгүз районунун Ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналында катталды. Чогултулган материалдар тергөө кызматына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди.

Текшерүү уланууда, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button