Саясат

Садыр Жапаров менен Путиндин катышуусундагы сүйлөшүүлөр өтүүдө

«Ынтымак Ордодо» Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин катышуусунда кеңири курамда сүйлөшүүлөр өтүүдө.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык, энергетикалык жана миграция чөйрөсүндөгү кызматташуу маселелери талкууланууда.

Жыйынтыгында билим берүү, экономика, саламаттык сактоо, миграция, санитардык жана эпидемиологиялык бакубаттык, эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Россиянын почталарынын ортосундагы макулдашууну камтыган документтерге кол коюлуусу күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button