Коом
Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзөт

КР Агартуу министрлиги мектепке чейинки билим берүүнүн сапатына негизги мониторинг жүргүзүү үчүн көз карандысыз уюмдан кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча тендер жарыялады.
Маалыматта билдиргендей, мониторинг Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти менен биргеликте жүргүзүлөт.
Тендердин максаты – «Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу» мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык билим берүүнүн сапатын комплекстүү баалоону ишке ашырууга жөндөмдүү көз карандысыз уюмду аныктоо.
Тендерге билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө жана баалоо боюнча тажрыйбасы бар көз карандысыз эксперттер жана кесиптик уюмдар катышууга чакырылат.



