Коом

Беларустун Жогорку соту Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартты

Беларустун Жогорку соту Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу агенттикке КР Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта ага анын соттолушу «саясий куугунтукка» байланыштуу болгондугу себеп экендиги айтылат.

Башкы көзөмөл органдан кабарлашкандай, соттун 2016-жылдын 29-июлундагы чечими менен мурдагы президент 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларга жана башка эпизоддорго байланыштуу 30 жылга эркинен ажыратылган.

«Мурдагы президентти жоопко тартуу өтүнүчү менен Беларуска төрт өтүнүч жөнөтүлгөн. Бирок Беларусь Республикасынын Жогорку соту арызды канааттандыруудан баш тартты. Алардын пикиринде, Бакиевдин соттолушу «саясий себептер менен куугунтукка» байланыштуу», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button