Саясат
Улукбек Карыбек уулу депутат болобу? Аралыктан шайлаган жарандардын добушу жыйынтыкты өзгөрттү

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча №24 шайлоо округунан талапкер Улукбек Карыбек уулу 2-орунга чыкты.
Мындай жыйынтык, БШКнын сайтындагы жаңыланган эсепте көрсөтүлөт, Карыбек уулун аралыктан шайлаган 1320 жарандын добушу буга чейинки жыйынтыкты өзгөрттү.
Белгилүү болгондой, 30-ноябрдын кечинде жарыяланган алдын ала жыйынтыкта бул округдан 1-орунда Жумабек Салымбеков, экинчиде 5489 добуш менен Арафат Исмаилов бараткан. Соңку жыйынтыкка ылайык, Карыбек уулунун аралыктан жана автоматтык эсептегич үкөктөрдөн алган добушу 6 миң 159, ал эми Исмаиловдуку 5 миң 739у көрсөтүүдө.


