Саясат
Аяз Баетов юстиция министри кызматынан бошотулду

Аяз Баетов башка кызматка өткөнүнө байланыштуу юстиция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Маалыматка караганда, юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары — укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Айылчиев дайындалды.
Анын талапкерлиги макулдашуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизилет.



