Коом

Каныбек Досмамбетов жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында бир катар ыкчам тапшырмаларды берди

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов Балдар тез жардам ооруканасына барып, КРВИ жана сасык тумоонун көбөйүшүнө байланыштуу ашыкча жүктөм жана кезек күтүүлөр менен таанышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр бейтаптардын тыгыз топтолушу жугузуу коркунучун арттырарын белгилеп, стационарлардын жүгүн азайтуу жана жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында бир катар ыкчам тапшырмаларды берди:

  1. Ситуациялык борбор түзүлөт (сутка бою иштейт, ооруканалардын жүктөмүн көзөмөлдөйт).
  2. Башка ооруканалардын базасында кошумча 200 керебет убактылуу жайгаштырылат.
  3. Балдар ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүн күчөтүү үчүн баштапкы звенодон 10 педиатр жөнөтүлөт.
  4. Жеңил формадагы КРВИ менен ооругандарды ыкчам кабыл алуу үчүн оорукананын аймагына эки көчмө клиника орнотулат.

Министр бул чаралар сезондук оорулардын шартында балдардын сапаттуу медициналык жардам алышын камсыздоого багытталганын баса белгиледи.

Маалыматка ылайык, жылдын 49-жумасында (1–5 декабрь) КРВИ жана сасык тумоонун 42 561 жаңы учуру катталган, бул өткөн жумага салыштырмалуу 15,3 пайыз өсүш дегенди билдирет. Ооругандардын 72,1 пайызы — 14 жашка чейинки балдар.

Тектеш кабарлар

Back to top button