Коом

Некролог. Генерал-майор Жоомарт Тербишалиевич Бошкоев дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, Ардагерлер кеңеши жана өздүк курамы 2025-жылдын 18-декабрында генерал-майор Бошкоев Жоомарт Тербишалиевичтин мезгилсиз дүйнө салгандыгын терең кайгыруу менен билдирет.

Жоомарт Тербишалиевич Бошкоев 1949-жылдын 19-ноябрында Талас облусунун Талас шаарында туулган. 1970-жылы В. И. Ленин атындагы Ташкент жогорку жалпы аскердик командачылык окуу жайын бүтүргөн.

1981–1998-жылдары Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөп, ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган. Анын кесиптик ишмердүүлүгүнүн маанилүү бөлүгү Мамлекеттик күзөт кызматын жетектөө менен байланышкан. Мамлекеттик күзөт башкармалыгынын (кийинчерээк — УКМК/МКК) начальниги катары Жоомарт Тербишалиевич Бошкоев мамлекеттин биринчи жетекчилеринин жана стратегиялык маанидеги объектилердин коопсуздугун камсыздоонун заманбап системасынын негизин түптөгөн.

Ардактуу эс алууга чыккандан кийин да ал коомдук ишмердүүлүгүн активдүү улантып, «Мамлекеттик күзөт ардагерлер кеңеши» коомдук бирикмесин жетектеген. Жоомарт Тербишалиевич күч түзүмдөрүнүн ардагерлерин колдоого, ошондой эле жаш кызматкерлерди офицердик ар-намыс, кесипкөйлүк жана антка берилгендик рухунда тарбиялоого өзгөчө көңүл бурган.

Мамлекет алдындагы өзгөчө эмгеги, кынтыксыз кызматы жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун чыңдоого кошкон зор жеке салымы үчүн генерал-майор Д. Бошкоев мамлекеттик сыйлыктар, ведомстволук медалдар жана ардак грамоталар менен сыйланган. Анын ысымы көз карандысыз Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн калыптанышы жана өнүгүш тарыхында түбөлүккө сакталат.

Кыргыз Республикасынын УКМКсынын жетекчилиги жана өздүк курамы маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жоомарт Тербишалиевич Бошкоев тууралуу жаркын элес кесиптештеринин, досторунун жана шакирттеринин жүрөгүндө түбөлүк сакталат.

Маркум менен коштошуу аземи Бишкек шаары, А. Токомбаев көчөсү, 27-үй, 23-батир дарегинде өтөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button