Коом

Бишкекте Борбор Азиядагы эң чоң бажы-логистикалык борбор ачылат

Бүгүн минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Аламүдүн районунда Global hub бажы-логистикалык борборунун пайдубалына мезгил кутучасын салды. 

Борбордун жалпы аянты 136 чарчы метрден ашып, анын 120 чарчы метрин супер кампалар түзмөкчү. Аларда тамак-аш жана башка тез бузулуучу жүктөр үчүн атайын муздаткычтар, дары-дармектерди сактоо үчүн эл аралык стандарттарга жооп берген складдар болмокчу. 

Долбоорду ишке ашырууга 21 млн доллар инвестиция салынган. Жогорку айлык акы төлөнүп 100дөн ашык киши жумуш орундары менен камсыз болору айтылды. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button