Инсульт коркунучун азайтуу үчүн күнүмдүк төрт адат

Неврологдор Бруно Диогенеш Иепсен жана Виктор Уго Эспиндола инсульт коркунучун азайтуу үчүн күнүмдүк төрт адатты калыптандыруу зарыл экенин айтышты. Бул тууралуу алар Metropoles басылмасына берген маегинде билдиришкен.
Иепсендин айтымында, кан айланууга терс таасир тийгизген ооруларды күн сайын көзөмөлдөп туруу маанилүү. Дарыгер белгилегендей, эгер гипертония же кант диабети сыяктуу ооруларга каршы дары-дармектер жазылган болсо, аларды күн сайын ичүү артериялардын бүтөлүшүн алдын алып, алардын эскиришин жайлатат. Ошондой эле ал туура тамактануунун принциптерин карманууну сунуштады.
Анын ишениминде, мөмө-жемиштерге, жашылчаларга, буурчак өсүмдүктөрүнө жана клетчаткага бай рацион, тузду жана ультракайра иштетилген азыктарды аз колдонуу кандагы глюкоза менен холестериндин деңгээлин нормалдуу сактоого жардам берет.
Ал эми Эспиндола үзгүлтүксүз физикалык активдүүлүк менен алектенүүнү сунуштады.
«Спорт гипертония, диабет жана семирүү сыяктуу оорулардын алдын алууга жардам берип, уйкунун сапатын жакшыртат», — деди ал. Мындан тышкары, дарыгер стресстин деңгээлин төмөндөтүү зарыл экенин баса белгиледи, анткени стресс кан басымды көтөрүп, гормоналдык тең салмактуулукту бузат жана жалпысынан сергек жашоо образын сактоону кыйындатат.


