Коом
Ноокатта 15 жаштагы кыз көз жарды. Шектүү кармалды

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун милициясы 16 жашка чыга элек кызга сексуалдык мүнөздөгү аракеттин болушу боюнча кылмыш ишинин негизинде иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары жеке булактарына таянып жазып чыгышты.
Анда айтылгандарга таянсак, аталган райондо 15 жаштагы кыз көз жарган. Шектүүлөрдүн бири кыздын жакыны.
Ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө, шектүүлөрдүн бири — Ноокат районунун 1996-жылы төрөлгөн Б.А. аттуу тургуну кармалды. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.



