Окуялар
Кечээ Ысык-Көлдөгү “Рух Ордо” борборун сел каптады

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 12-августтун кечинде нөшөрлүү жаандан улам Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында сел жүрүп, кокту-колоттордон келген сел шаардагы дүкөндүн, жети турак жайдын короосун жана Чыӊгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборун каптаганын билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, 13-августта 46 куткаруучу “Рух Ордо” маданий борборун тазалап жатат. Жарандык коргонуу кызматынан эки инженердик техника тартылган.
“Рух Ордо” — Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан ачык абадагы музей. Комплекс 10 чакан музейден турат. Ар түрдүү кол өнөрчүлүк буюмдары, ондогон айкелдер жана жүздөгөн сүрөттөр бар.



