Коом

Каныбек Туманбаев: «Учурда ири жана чакан 20 ГЭС курулуп жатат»

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев соцтармактагы баракчасына учурда ири жана чакан 20 ГЭС курулуп жатканын жазды.

Курулуп жаткан ири ГЭСтер:

— Камбар-Ата-1 ГЭС — 1860 МВт;

— Жогорку Нарын каскад ГЭС – 237 МВт;

— Куланак ГЭС – 100 МВт.

Курулуп жаткан чакан ГЭСтер:

1. Бала-Саруу ЧГЭСи – Талас облусу, Манас району – 25 МВт;

2. Лейлек ЧГЭСи – Баткен облусу, Лейлек району – 6 МВт;

3. Көгарт ЧГЭСи – Жалал-Абад облусу, Сузак району – 6,7 МВт;

4. Тосту ЧГЭСи – Жалал-Абад облусу, Аксы району – 1 МВт;

5. Ала-Баш ЧГЭСи – Ысык-Көл облусу, Тоң району – 4,5 МВт;

6. Ысык-Ата ЧГЭСи – Чүй облусу, Ысык-Ата району – 4 МВт;

7. Кайнама ЧГЭСи – Жалал-Абад облусу, Токтогул району – 9,6 МВт;

8. Буйга -1 ЧГЭСи – Ош облусу, Кара-Кулжа району – 6 МВт;

9. Кожо-Кайыр ЧГЭСи – Баткен облусу – 0,3 МВт;

10. Айгыр жал ЧГЭСи – Жалал-Абад облусу, Сузак району – 2,4 МВт;

11. Кыштут ЧГЭСи – Баткен облусу, Баткен району – 1 МВт;

12. Исфайрам –1 ЧГЭСи – Баткен облусу – 4 МВт;

13. Белес ЧГЭСи – Баткен облусу, Лейлек району – 0,54 МВт;

14. Аксы ГЭСи – Жалал-Абад облусу – 2,6 МВт;

15. Курак-Тектир – Ош облусу, Ноокат району – 1,2 МВт;

16. Ленинполь – Талас облусу, Бакай-Ата району – 2,3 МВт;

17. “СиЭйЭй” ЖЧК – Чүй облусу, Кемин району – 2МВт.

2024-жылы ишке кире турган ГЭСтер (долбоор):

1. Ак-Терек ЧГЭСи – Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району – 4 МВт;

2. Саркент ЧГЭСи – Баткен облусу, Лейлек району – 2 МВт;

3. Турген ЧГЭСи – Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району – 5 МВт;

4. Шамси ЧГЭСи – Чүй облусу, Чүй району – 10 МВт;

5. Боз-Учук ЧГЭСи – Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району – 0,7 МВт;

6. Жергез ЧГЭСи – Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району – 6,2 МВт;

7. Кара-Жыгач – Жалал-Абад облусу, Токтогул району – 1 МВт;

8. Сары-Таш – Жалал-Абад облусу, Токтогул району – 1 МВт;

9. Аманат – Чүй облусу, Ысык-Ата району – 0,5 МВт;

10. Адын-Ункур – Ош облусу, Кара-Суу району – 0,85 МВт;

11. “СиЭйЭй” ЖЧК – Чүй облусу, Кемин району – 12 МВт.

Реконструкция болуп жаткан ГЭСтер:

1. Үч-коргон ГЭС – 36 МВт (эмдиги жылы ишке кирет);

2. Токтогул ГЭС- 240 МВт (60 МВт кирди, быйыл дагы 60 МВт кирет);

3. Лебединовка ГЭС – 9,2 МВт;

4. Ат-Башы ГЭС – 5,5 МВт (реконструкция бүттү).

ШЭС, КЭС:

— «Бишкек Солар» ЖЧК компаниясы тарабынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында пландалган кубаттуулугу 300 МВт СЭСТИ куруу долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле «Ысык-Көл» көмөкчордонуна чейин 220 кВ электр берүү линиясын куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

— «Метрум ТЭК» ЖЧКсы Ысык-Көл облусунун Тоң районунда пландалган кубаттуулугу 10МВт болгон ШЭС куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча ишти баштады.

Кыргызстанга канча МВт электр энергиясы талап кылынат, анын канчасы импорт болот?

2022-жылга карата алсак, жалпы 16,4 миллиард кВт/саат, анын ичинен өзүбүз 13,6 миллиард кВт-саат чыгардык, 2,8 миллиард кВт/саат импорт болду.

Энергетика тармагындагы жабдуулардын канча пайызы эскирген?

Пайыз менен так чыгарып айтууга мүмкүн эмес, болжолдуу 70-80 пайызы деп айта алабыз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button