Коом

Талас облусунун аймагында “Арсенал” рейди жыйынтыкталды

2021-жылдын 14-16 сентябрга чейин Талас облусунун аймагында ОИИБнин  демилгеси менен эл арасында мыйзамсыз сакталып жүргөн жана 2010-жылы апрель окуясынан улам жоголгон  жана уурдалган ок атуучу куралдарды кайтаруу максатында, ошондой эле жарандардын колдорунда мыйзамсыз сакталып жүргөн сайсыз жана сайлуу мергенчилик  ок атуучу куралдарын өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча атайын  иш чара болуп өттү. Бул тууралуу Талас ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.

Рейддин жүрүшүндө облус аймагында жашаган эл арасында милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада милицияга 20 даана сайсыз, 2 даана сайлуу ок атуучу куралдары өз ыктыяры менен тапшырылды. Мындан тышкары, мыйзамсыз сактоодон 15 даана 5,45 калибрдеги ок-даарылары алынды. 

“Арсенал”   рейддинин жүрүшүндө, облус аймагында жалпысынан 680 мерген  сүйүүчүлөр текшерилип, аларга карата ок атуучу куралдарды сактоо эрежелерин бузгандыгы үчүн жалпы 24 административдик протоколдор түзүлүп, 7 даана ок атуучу куралдары алынды. Ошондой эле 680 ок атуучу куралдардын ээлерине куралдарды туура колдонуу, сактоо жана коопсуздук эрежелери боюнча ар бирине милдеттемелер тапшырылды.

Бүгүнкү күндө жарандар тарабынан өз ыктыяры менен тапшырылган ок атуучу куралдар  боюнча тергөө  амалдары жүргүзүлүп, тергөөнүн  аякташында аталган ок атуучу куралдары КРнын Министрлер кабинетинин 2020-жылы чыккан №50  сандуу Токтомунун негизинде мыйзамдаштырылып берилет. 

Талас ОИИБи   милиция тарабынан ушул багытта профилактикалык иш-чаралар улантылат жана өз ыктыяры менен тапшырган жарандарга жеңилдиктер болоорун  жарандарга эскертет. Жарандар  табылып  алынган же аныкталган ок атуучу куралдар боюнча аймактык милицияга кайрылышы керек.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button