Коом
Накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуудан баш тарткан сатуучуларга айып салынышы мүмкүн

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы сатуучу накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуудан баш тарткандыгы үчүн айып салууга укуктуу. Бул боюнча Экономика жана соода министрлиги мыйзам долбоорун даярдап, Жогорку Кеңештин кароосуна койду.
Аталган министрлик Эреже бузуулар кодексин сатуучуларды банк карталары же QR код менен төлөмдү кабыл алууга милдеттендирген жаңы берене менен толуктоону сунуштоодо.
Мындай накталай эмес формадагы төлөмдөрдү кабыл алуудан баш тарткандыгы үчүн министрлик жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу белгиленген. Ошондой эле айып салуу укугун Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына берүү каралган.



