Саясат

Лукашенко Беларусиянын Трамптын “Тынчтык кеңешине” кошулуусу боюнча документке кол койду

АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан түзүлүп жаткан Тынчтык кеңешине Беларусиянын кошулуу тууралуу документке президент Александр Лукашенко кол койду. Бул тууралуу БЕЛТА агенттиги билдирди.

Президент өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн реалдуу баалай турганын айтып, Минск үчүн негизги кызыкчылык — кеңештин Украина боюнча тынчтык демилгелерин талкуулоого жана илгерилетүүгө катышуу мүмкүнчүлүгү экенин белгиледи.

«Эң оболу, балким, Украина боюнча кандайдыр бир жардам бере алабыз, талкуулап, тынчтыкты илгерилетип, жакындата алабыз, украин жетекчилигине таасир эте алабыз. Мени эң көп кызыктырганы ушул», — деди Лукашенко.

Ошондой эле ал кеңешке кирүү үчүн баштапкы 1 млрд долларлык салым талап кылынат деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. Президент уставдын жоболоруна таянып, алгачкы үч жылда уюштуруучу катары катышуу акысыз экенин, андан кийинки мүчөлүк 1 млрд доллар төлөө аркылуу же дүйнөлүк тынчтыкка натыйжалуу салым кошкон учурда акысыз узартылышы мүмкүн экенин айтты.

«Мен экинчи вариантка үмүт артам», — деп баса белгиледи ал.

Беларусь Тынчтык кеңешине расмий түрдө кошулган Европадагы алгачкы өлкө болду. Ошондой эле 20-январда Бириккен Араб Эмираттарынын ТИМи да уюмга киргенин расмий жарыялады. Жалпысынан Дональд Трамп уюмга кошулууга болжол менен 50 мамлекетке чакыруу жөнөткөн. Алардын катарында Россия менен Украина, ошондой эле Борбор Азиядан Казакстан жана Өзбекстан бар.

МККнын маалыматына караганда, Франция жана Улуу Британия Тынчтык кеңешине кирүүдөн баш тартышкан. Норвегиянын ТИМи да өлкө бул уюмга кошулбай турганын билдирген.

Париждин мындай чечимине жооп иретинде Дональд Трамп француз шампанына жана шараптарына бажы төлөмдөрүн киргизүү менен коркутту.

Тектеш кабарлар

Back to top button