Депутат Элдар Сулаймановдун мурдагы аялы аны куугунтуктоону, коркутууларды токтотууну талап кылууда

Социалдык тармактарда өзүн Асел Азаматова деп тааныштырган келин Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун мурдагы аялы экенин жана узак убакыттан бери андан зомбулук көрүп келе жатканын билдирди.
Аялдын айтымында, алар 2016-жылы баш кошкон. Алгачкы жылдары үй-бүлөлүк жашоо салыштырмалуу тынч өтсө да, эки жылдан кийин жолдошу кол көтөрө баштаган. Асел Азаматова зомбулукка чыдап келгенин балдарын атасыз калтырбоо аракети менен түшүндүргөн.
Анын айткандарына караганда, 2022-жылы кош бойлуу кезде катуу сабалып, кан кетип ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер түйүлдүктү сактап калууга мүмкүнчүлүк аз экенин билдиришкен. Ошол учурда укук коргоо органдарына арыз жазган.



Кийинчерээк аял жолдошун кечирген. Бирок зомбулук уланып, натыйжада ал үч баласы менен ажырашууга аргасыз болгон. Ошол учурда кенже баласы үч айлык болгон.
Келин мурдагы күйөөсү балдарды багууга каражат бербей, күнүмдүк тиричилик маселелерин кыйла татаалдаштырып жатканын жазууда.
Асель Азаматова акыркы арызын укук коргоо органдарына 2024-жылдын 6-апрелинде жазганын белгиледи.
Ал арыз үч баланын көзүнчө жасалган ырайымсыз сабоо фактысы боюнча берилген. Ошол учурда жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза дененин бардык жеринде гематомалардын, көгала тактардын бар экенин, ошондой эле чач жулунуп алынгандыктан башында таз тактар (залысина) пайда болгонун тастыктаган.

Аял Эльдар Сулаймановдун аны куугунтуктоону токтотушуна, балдарга психологиялык басым жасабоосуна, алардын энеси тууралуу дайыма жалаа жаап, балдарды тартып алам деп коркутууларын токтотуусуна жетишүүнү көздөп жатканын баса белгиледи.
Белгилей кетсек, азырынча депутаттын өзүнөн бул маселе боюнча коомчулукка ачык комментарийлер берилген жок.
Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы бул жагдайга кийинчерээк комментарий берүүнү убада кылды.



