Дүйнө

Бразилияда митингдин катышуучуларына чагылган түшүп, 72 киши жаракат алды

Бразилияда мурдагы президент Жуселину Кубичек ди Оливейранын мемориалынын жанына чогулган адамдарды чагылган уруп, кеминде 72 киши жабыркады. Бул тууралуу G1 порталы кабарлады.

Окуя жекшембинин экинчи жарымында, митингдин катышуучулары мурдагы мамлекет башчысы Жаир Болсонарунун тарапкерлеринин келишин күтүп турган учурда болгон.

Социалдык тармактарга жарыяланган видеодо чагылган түшкөн учур көрсөтүлгөн. Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүн көзөмөлдөп турган өрт өчүрүүчүлөр жабыркагандарга шашылыш жардам көрсөтүү үчүн атайын чатыр тигишкен.

Расмий маалыматтарга ылайык, жабыркагандардын көбүнө медициналык жардам ошол жерде көрсөтүлгөн, ал эми 29 адам ооруканага жеткирилген. Госпитализацияланган кеминде сегиз адамдын абалы оор экени белгиленет.

«Чагылган түшүп, баарыбыз жерге куладык. Өзүбүзгө келгенче эмне болгонун түшүнө алган жокпуз. Анан бири-бирибизге жардам бере баштадык. Эл дүрбөлөңгө түшүп, туш тарапка качты. Өрт өчүрүүчүлөр менен тез жардам кызматкерлери ошол жерде эле, бирок адамдар өтө көп болчу. Чагылган бизге абдан жакын, музыкалык аянтчанын жанында түштү», — деп айтып берди аялдардын бири.

Айрым катышуучулар жаракат албаса да, катуу коркуп калышкан.

Тектеш кабарлар

Back to top button