Коом

УКМК: Кара-Суу райондук аскер комиссариатынын аскер кызматкери алдамчылык боюнча кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

УКМК тарабынан өлкөнүн мамлекеттик түзүмдөрүндөгү мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоо жана жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2025-жылдын 17-сентябрында Жалал-Абад гарнизонунун Аскердик прокуратурасы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Кара-Суу райондук Аскер комиссариатынын аскер кызматкери А.Д.М. козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүндө («Кызмат абалынан пайдалануу менен ири өлчөмдө алдамчылык») каралган кылмыштын негизинде кармалды.

Аталган А.Д.М. КР Коргоо министрлигинин Сузак райондук аскер комиссариатынын кызматкери катары үч жарандан 83 000 сом акча каражатын алып, алардын уулдарын альтернативдик кызматка чакыруу милдетин алган.

Кармалган жаран Жалал-абад ИИБдин УКЖсына киргизилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button