УКМК: Ош облустук административдик сотунун кызматкерлери кармалды — ВИДЕО

Ош облустук административдик сотунун кызматкерлери документтерди жасалмалоо жана айрым жарандарды жалган жумушка алуу боюнча кармалды.
Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
КР УКМК Ош облусунун сот системасындагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-чараларынын алкагында Ош облусунун административдик сотунун кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларынын далилдерин аныктады, алар документтерди жасалмалоо жана соттун аппаратына «жалган кызматкерлерди » жумушка орноштурушкан.

Тактап айтканда, О.Н.О., А.у.Б. жана К.у.Б. Ош облусунун административдик сотунда иштеп жүргөндө, «жалган кызматкерлерди» пайда кылып, эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү менен мыйзамсыз материалдык пайда алуу максатында кылмыштуу кутумга барганы аныкталган.


Аталган жарандардын кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген, сот бийлигинин кадыр-баркына доо кеткен, ал эми Ош облусунун административдик сотунун жамаатында терс моралдык-психологиялык климат түзүлгөн.

КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгынын чогулткан материалдары боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, Ош облусунун административдик сотунун аппаратынын Канцелярия башчысы жана жооптуу кызматкерлери кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.



