Коом
Кыргызстанда бөйрөк алмаштырган алгачкы бейтап ооруканадан чыкты

Кызга атасы донор болгон. Экөө тең өзүн жакшы сезип жатканын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Бүгүнкү күнгө карата Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна операция жасоо өтүнүчү менен 50 адам кайрылган. 12-февралга кезектеги трансплантация пландалууда.
Буга чейин Садыр Жапаров Саламаттык сактоо министрлигине бардык муктаждарга бөйрөгүн акысыз алмаштырууну тапшырган. Алгач акысыз 50 операция жасоо пландалган болсо, эми гемодиализ алып жаткан бардык 2 500 бейтапка бекер операция жасоо керектиги айтылган.



