Коом

Дайырбек Орунбеков мамлекеттик автомектептерде окуунун баасы канча болорун айтты

Мамлекеттик автомектептерде окутуунун баасы 19 миң сом болот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, окуунун баасы 100-200 миң сом болот деген кептер чындыкка дал келбейт.

«Окугандар практика учурундагы күйүүчү май сыяктуу чыгымдарды өздөрү көтөрөт. Бул мурдагы жеке автомектептердеги бааларга салыштырмалуу бир топ арзан. Жеке автомектептерде окуу менен практиканын баасы биригип 35-36 миң сомдун тегереги болчу», — деди Орунбеков.

Тектеш кабарлар

Back to top button