Коом

Бишкекте Чүй облусунун экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери каралды

Бүгүн Бишкекте президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмоновдун аймактагы ишкерлер менен жолугушуусу өттү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, тараптар Чүй облусунун экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелерин талкуулашты.

Өкүлдүн айтымында, бул жолугушуу ишкерлердин суроо-талабына жооп болуп саналат жана мамлекеттин бизнес менен өнөктөштүк мамилелерди курууга даярдыгын чагылдырат.

Осмонов бизнес коомчулук менен болгон диалогдо аймакты өнүктүрүүнүн алты негизги багытын атады:

  • «Чүй инвестиции»;
  • «Чүй агро»;
  • «Чүй туризм»;
  • «Жашыл Чүй»;
  • «Таза Чүй»;
  • «Заманбап Чүй».

Ар бир багыт боюнча жумушчу топтор түзүлүп, андан аркы практикалык иштерди алып баруу үчүн координаторлор дайындалды.

Тектеш кабарлар

Back to top button