Дүйнө

Биржада алтындын баасы жаңы тарыхый максимумга жетти

Биржада алтындын баасы жаңы тарыхый максимумга жетип, соода маалыматтарына ылайык, троя унциясы үчүн 5500 доллардан ашты.

Шаршембиге караган түнү Нью-Йорктогу Comex биржасында алтындын баасы троя унциясы үчүн 5 584,3 долларга жетти.

Ага чейин биржада алтындын наркы тарыхта биринчи жолу трой унциясы 5,2 миң доллардан жогорулаган.

Россиялык «БКС Мир инвестиций» компаниясынын фондулук рынок боюнча эксперти Александр Шепелевдин айтымында, эгерде дүйнөдө абал курчуп, санкциялар сакталып, соодадагы деглобализация күчөй берсе, алтындын баасы 3-4 жылдын ичинде 10 миң долларга чейин жетиши мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Back to top button