Коом
Таксисттерге лицензия берүүнүн мөөнөтү 1-июлга чейин узартылды

ИИМ таксиге лицензия берүүнүн мөөнөтүн 1-июлга чейин узартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейинки мөөнөт 1-февралга чейин белгиленген.
«Ички иштер министрлиги жарандардын кайрылууларын эске алуу менен таксилердин ишин лицензиялоо убактысын ушул жылдын 1-июлуна чейин узартты», — деп жазылган маалыматта.
Учурда 8000дей гана кишиге жана 300дөн ашуун юридикалык жакка лицензия берилген. Иш Жол милициясынын бөлүмдөрүндө жүргүзүлүүдө.



