Коом

Кыргызстан менен Казакстан чек арада радиожыштык боюнча макулдашты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосунда чек арага жакын аймактарда радиожыштыктык дайындоолорду координациялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо боюнча токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документ 2025-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында кол коюлган жана мамлекеттик чек арага чектеш аймактарда эки өлкөнүн жарандык радиобайланыш кызматтары тарабынан радиожыштыктарды пайдалануунун тартибин жөнгө салат.
Макулдашуунун негизги максаты — өз ара тоскоолдуктарды болтурбоо жана байланыш каражаттарынын туруктуу иштешин камсыз кылуу.

Токтомдун долбооруна ылайык:

макулдашууну расмий түрдө бекитүү сунушталат;

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлиги аны ишке ашырууга жооптуу орган болуп дайындалат;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги документтин күчүнө кириши үчүн талап кылынган ички жол-жоболордун Кыргызстан тарабынан аткарылганы тууралуу Казакстанды кабардар кылууга тийиш.

Токтом 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button