Алимент төлөбөгөндөргө чара катаалдайт

Алимент өндүрүү көйгөйү Кыргызстанда актуалдуу маселе бойдон калууда, көптөгөн жарандар өздөрүнө тиешелүү төлөмдөрдү ала алышпайт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын алдындагы Сот аткаруучулар кызматынын директорунун орун басары Кубанычбек Капалов «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын 23-июнунда президенттин №187 жарлыгына кол коюлуп, ага ылайык Соттук аткаруучулар кызматы Жогорку Соттун карамагынан чыгарылып, Башкы прокуратуранын карамагына өткөн. Чечим бир жылдык сыноо мезгилинде кабыл алынган. Документте алимент төлөө үчүн дагы, соттун башка чечимдерин аткаруу үчүн дагы карызкорлордун жоопкерчилигин күчөтүү каралган.
Башкы прокуратура мыйзам долбоорун иштеп чыгып, ал 2025-жылдын августунан сентябрына чейин коомдук талкууга коюлган. Документ азыр Жогорку Кеңештин кароосуна коюлуп, эки тармактык комитетте биринчи окуудан өттү.
«Мыйзам долбоорунда карызкорлорду 3 суткадан 7 суткага чейинки мөөнөткө административдик камакка алууну киргизүү сунушталууда. Ошондой эле кылмыш-жаза жоопкерчилиги 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган», — деди Капалов.



