Коом
Бишкек ЖЭБи газ менен жылытууга өткөрүлөт

Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангельдиев билдирди.
Анын айтымында, учурда бул маселе «Газпром» компаниясы менен талкууланууда.
«Калк үчүн өзүнчө, ишканалар үчүн өзүнчө тарифтер бар. Эгер ЖЭБ ишкана катары газга өтсө, ага коммерциялык тариф колдонулат. Акыркы жылдары ЖЭБ модернизацияланганын билесиздер, бирок баарын бир убакта өзгөртүү мүмкүн эмес. Ошентсе да мындай иштер планда бар.
Учурда бул маселе боюнча “Газпром” менен иш алып барып жатабыз. Азырынча ЖЭБ үчүн газдын басымы жетишсиз, бирок бул көйгөй чечилсе, ЖЭБди газга өткөрүүгө мүмкүн болот. Бул үчүн бир–эки жыл талап кылынат», — деди Данияр Амангельдиев.



