Коом

Алдаяров: 2030-жылга чейин Бишкек толугу менен газдаштырылышы керек

2030-жылга чейин Бишкек шаары кеңейтилген программанын алкагында толугу менен газдаштырылышы керек. Бул тууралуу бүгүн брифингде «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын экономика жана каржы боюнча башкы директордун орун басары Арзымат Алдаяров билдирди.

Анын айтымында, административдик-аймактык реформа жүргүзүлгөндөн кийин борбор калаадагы турак жай массивдеринин саны 105ке жеткен.

«Алардын жарымынан көбү буга чейин газга туташтырылган. Биздин алдыбызда калган жарымына жакынын, башкача айтканда болжол менен 60 миң үй чарбасын газ менен камсыз кылуу милдети турат. Бизде орто мөөнөттүү пландоо мезгили — беш жыл», — деди Арзымат Алдаяров.

Ал ошондой эле газдаштыруу боюнча жеңилдетилген насыялар долбоору үч жылдан бери иштеп жатканын кошумчалады. Мындан ары анын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү (газдаштыруудан тышкары кайра жаралуучу энергия булактарына, жылуулук насосторуна да) жана географиясын бүткүл республика боюнча жайылтуу пландалууда. Газ тарифтери мамлекеттик орган тарабынан жөнгө салынат жана доллардын курсуна көз каранды.

Тектеш кабарлар

Back to top button