Коом

Аялына өрт койгон шектүү мэриянын кызматкери эмес экени айтылды

Жубайына өрт койгон жаран учурда Талас шаардык мэриясынын кызматкери
эмес. Бул тууралуу аталган мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуяга шектелип жаткан жаран Талас шаарынын
мэриясынын кызматкери болуп саналбайт. Ал буга чейин (2025-жылдын 15-
июлунан 22-декабрына чейин) мэриянын алдындагы Талас «Жашыл чарба»
муниципалдык ишканасында эмгектенген.

Белгилей кетсек, буга чейин өз жубайын өрттөөгө аракет кылган шектүү убактылуу кармоочу жайга
киргизилгени маалымдалган.

Тектеш кабарлар

Back to top button