Тажикстанда жүк ташуучу унаанын тормозу иштебей 7 унаа жана 3 үйдү сүзүп, он адам каза болду

Тажикстандын Куляб шаарында жүк ташуучу унаанын катышуусундагы кырсыктан кеминде 10 адам каза болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
«Кырсыктын кесепетинен 10 жаран каза болуп, 14 адам ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жаткырылды», — деп айтылат маалыматта.
«Жүк ташуучу унаа катуу ылдамдыкта келе жаткан башка унааларды жана жол жээгинде жайгашкан жакын жердеги үйлөрдү сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен жети унаа жана үч турак-жай олуттуу жабыркаган, жүк ташуучу унаанын айдоочусу окуя болгон жерден каза болгон. Окуяга тормоздун иштебей калышы себеп болгон», — деп айтылат маалыматта.
Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүү үчүн тез арада жергиликтүү куткаруучулар мобилизацияланганын белгиледи. Алар талкаланган унаалардан адамдарды чыгаруу үчүн атайын техниканы колдонууга аргасыз болгон. Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан каза болгондордун үчөө аялдар.
Тажикстанда жүк ташуучу унаа менен болгон кырсыктын кесепетинен жети унаа жана үч үй жабыркаган



