УКМК: Бишкекте мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке өттү – ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
УКМК мамлекеттик органдардагы жана билим берүү системасындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаары, Т. Фрунзе көчөсү, 1А дарегинде жайгашкан өндүрүштүк база түрүндөгү мамлекеттик мүлктү жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысын аныктады.

Тактап айтканда, 1988-жылы «Кыргызкурулуш» акционердик коомунун турак жай кеңсесинин базасында «Айбол» ЖЧКсы түзүлүп, ага менчиктештирүүнүн алкагында мамлекет 0,64 гектар жер тилкеси бар өндүрүш базасын өткөрүп берген.
Өндүрүштүк базаны менчиктештирүүдө «Айбол» ЖЧК турак үйлөрдү тейлөө профилин сактоо милдеттенмесин өзүнө алгандыгы аныкталды, мында негиздөөчүлөр жалпы макулдуксуз ишмердүүлүк багытын өзгөртүүгө жана мүлктү ээликтен ажыратууга укуксуз болушкан.

Бирок, 2010-жылдан тартып коммуналдык ишмердүүлүк акырындап кыскарып, Коомдун мүлкү коммерциялык максаттарда колдонула баштаган. Натыйжада ишкананы көзөмөлдөө КР жараны Д.Б.га (ал учурда КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары) өткөн, ал муну өзүнүн апасы Р.З. аркылуу ишке ашырган (ал «Айбол» ЖЧКсынын директору болуп дайындалган).

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында Д.Б. мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча мыйзамсыз аракеттерди түшүнүп, келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында өндүрүш базасын, цехтерди, кампаларды жана жалпы аянты 0,64 гектар жер тилкесин өз ыктыяры менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүп берген.
Учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан иштелип чыккан жобого ылайык, көрсөтүлгөн жер участоктору көз карандысыз эксперттер тарабынан бааланып, Бишкек шаардык мэриясынын балансына өткөрүлүп берилет.



