Коом
Кадамжайда цитрус өсүмдүктөрү ийгиликтүү өстүрүлүүдө

Жаңы фитотехнологияларды колдонуу менен Баткен облусунун Кадамжай районунда цитрус өсүмдүктөрү ийгиликтүү өстүрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, облуста цитрус жемиштеринин мандарин, апельсин, лимон жана кумкват сыяктуу түрлөрү өстүрүлүүдө.
Министр белгилегендей, көчөт өстүрүү үчүн бөлүнгөн аянттар бир топ көбөйдү, эгерде 2023-жылы алар 801 гектарды түзсө, 2025-жылы 1 миң 56 гектарга жеткен.
Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча тропикалык продукциянын өндүрүш көлөмү 7 миң 149 тоннаны түзгөн.



