Коом

Сары-Челекте браконьерликке каршы рейд өттү

Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунун аймагында браконьерликке жана мыйзамсыз балык уулоочу торлорду салууга каршы кезектеги рейддик иш-чара өттү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө инспекторлор тарабынан көл жээктери жана суу акваториясы толугу менен текшерүүгө алынды. Ошондой эле эс алуучулар жана жергиликтүү тургундар арасында экологиялык мыйзам талаптарын сактоо, балык ресурстарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Жүргүзүлгөн кылдат текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бул жолу эч кандай мыйзам бузуу фактылары аныкталган жок. Бул коруктагы тартиптин жана эс алуучулардын маданиятынын жогорулагандыгынан кабар берет», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мындай алдын алуу иш-чаралары президенттин экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана климаттык туруктуулук боюнча жарлыктарын аткаруунун алкагында туруктуу негизде өткөрүлүп келет.

Тектеш кабарлар

Back to top button