Коом
2025-жылы Кыргызстанда 101 өспүрүм өз жанын кыйган

Кыргызстанда 2025-жылдын 12 айында балдар арасында өз жанын кыйган 101 учур катталган. Бул тууралуу бүгүн Агартуу министрлигинин коллегиясында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.
Анын айтымында, учурда бул өтө курч көйгөй болуп турат.
Эң көп учур Жалал-Абад облусунда катталган.
Аймактар боюнча көрсөткүчтөр:
Жалал-Абад облусунда — 20;
Чүй облусунда — 18;
Ысык-Көл облусунда — 18;
Баткен облусунда — 13;
Ош облусунда — 10;
Нарын облусунда — 2;
Талас облусунда — 5;
Бишкек шаарында — 12;
Ош шаарында — 3.
Алардын ичинен 85и — мектеп окуучулары, 11и — студенттер, дагы 5и — эч жерде окубагандар. Катталган учурлардын 66,3 пайызы эркек балдарга, 33,7 пайызы кыздарга туура келет.



