Баткенде ишкерди коркутуп, акча каражатын опузалап талап кылган жаран кармалды — ВИДЕО

2022-жылдын 29-июнь күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагынын тургуну Х.М. милицияга арыз менен кайрылып, 27-июнь күнү “Умар” аттуу атуул жабырлануучуга кайрылып, ишкерлик менен алектенгендиктен, айына 500 АКШ долларын берүүсүн талап кылып коркуткандыгын билдирген.
Аталган факты боюнча Баткен ОИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүмүндө (опузалап акча талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
“НЕЛЕГАЛ-ТРАФИК” операциясынын жүрүшүндө Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну 1986-жылы туулган А.А. кармалган.
Алынган ыкчам маалымат боюнча кармалган жаран мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Шектүү жаран А.А. Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагындагы айылдардын биринде 16 000 (он алты миң) сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат, — деп билдирди Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан.




